• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ чукул билдирүү таратты

25 Кулжа 202512:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 26-июндан 27-июнга чейин аба ырайы туруксуз болот. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүсү:

— сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп жана таштанды таштабоо керек;

— турак үй жайгашкан жаан суу агып өтүүгө ылайыкталган арык болушу зарыл;

— үй же сарай курганда, эгин эгүүдө сел кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз; — мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү электр жарыгын, суу, газды өчүрө чыгыңыз.

Количество просмотров: 163