• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ: Кыргызстанда азык-түлүк таңсыктыгы жаралбайт

15 Жалган куран 2022 11:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Аткаминердин маалыматында, калктын аярлуу катмарына акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген.

«Ал 230 миң үй-бүлөнү түзөт. Бүгүнкү күндө иш уланууда, 7 миң тоннага жакын ун дагы таркатылды. Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат», — дейт ал.

Количество просмотров: 265