Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коронавирус илдетине чалдыккан кызматкерлер жок. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда куткаруучулар обсервацияларда шарттарды түзүп, илдетти жуктургандарга күнүгө 3 маал ысык тамак-аш берүүнү камсыздап жана өлкөнүн аймагында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, санитардык-карантиндик блок-посттордо иш алып барып жана гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө. Ал эми кызматкерлер 2862 даана коргоочу костюм, 347 даана плашь, 3 447 беткап, 1 190 колкап, 1 712 көз айнек, 2 132 резина өтүк жана 300 комплект антисептиктер менен камсыз болушкан.