• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

ӨКМ Мадумаровдун маалыматын тактады

22 Баш оона 2022 21:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-августта ЖК депутаты Адахан Мадумаров «GOVORI. TV» маалымат агенттигине түз эфирдеги маекке чакырылган. Эл өкүлү өз сөзүндө: «РФ Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан жалпы 17 адам каза тапты. Кечээ 16 адам каза болуп, 3 жаран жабыркаган. Үчөөнүн бирөөсүнүн бүгүн көзү өтүп кетти. Ошондо жалпы 17 адам каза болду» деп айткан.

Аталган маалымат боюнча ӨКМ төмөнкүдөй билдирүү таратты.

«21-август күнү Орусиянын Ульяновск облусунун Николаев районундагы М5 — «УРАЛ» унаа жолунун 808 — 810 чакырымында 2 оор жүк ташуучу унаа жана «Мерседес» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган. КР Тышкы иштер министрлигинин такталган маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен каза болгон 16 жарандын 14ү Кыргызстандын жарандары.Ошондой эле Кыргызстандын 3 жараны жаракат алып, алар Николаев райондук ооруканага жеткирилген. Учурда 22-августтун саат 20:00гө карата) 2 жаран жалпы палатага которулуп, 1 жаран жандандыруу бөлүмүндө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3626