• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ “Семетей” госпиталынан жабдуулар тышка ташылып жатат деген маалыматты төгүндөдү

17 Теке 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактар аркылуу «Семетей» госпитализация пунктундагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат деп жарыяланган видео материал чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМ билдиргендей, видеодогу жүк ташуучу унаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпитализация пунктунун реанимациялык бөлүмү жайгашкан имаратка ташып баратышкан. Кампада СИПАП деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгон.

«ӨКМдин кызматкерлери жабдууларды текшерип көрүп, реанимациялык бөлүмгө орноштуруп беришкен. Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден-соолугуна кам көрүп жатышат. Андыктан өлкөбүздөгү кыйын кырдаалды эске алып, жапа тырмак илдет менен күрөшүүнүн ордуна, жумурткадан кыр издеген жарандарыбызга билип-билбей туура эмес маалымат таратпоону суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 15-июлда соцтармактарда мурдагы “Ганси” базасында жайгашкан “Семетей” госпиталында жүк ташуучу автоунаага чоң кутулар жүктөлүп жаткан учур тартылган видео тараган. Анын автору тасманы “госпиталга өкмөт башчы барып кеткен соң, медициналык жабдууларды кайра жүктөп кетип жатышат» деп комментарий берген.

Количество просмотров: 169