Бишкек. 15.02.2019. Govori.TV
Экономика министри Олег Панкратовго сөгүш инвестиция тартуу боюнча мыйзам долбоорун алып чыгуудагы мүчүлүштүктөр үчүн берилсе, инвестиция тартуу агенттигинин директору Адылбек Шумкарбек уулу бул тармактагы эң төмөнкү көрсөткүч үчүн алган.
Ошондой эле маданият, маалымат жана туризм министринин статс-катчысы Бактыбек Секимов, архитектура, курулуш жана турак-жай курулуш агенттигинин башчысы Бакыт Абдиевге да өкмөт башчы сөгүш берди.
Миграция боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Болотбек Ибраимжанов менен экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушов эскертүү алышты.