• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт башчы: Кайрадан чектөөлөрдү киргизүү элдин турмушуна терс таасирин тийгизет

7 Теке 2020 15:50 Бишкек Govori.TV

Бизде инфекциянын жайылышын алдын алып, токтотууга бир гана жолубуз бар. Ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сактообуз керек. Бул  тууралуу  премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Бороновдун айтымында, кайрадан чектөөлөрдү киргизүү элдин турмушуна терс таасирин тийгизет.

«Бизде инфекциянын жайылышын алдын алып, токтотууга бир гана жолубуз бар. Ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сактообуз керек. Өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн мурда, ооруп жаткан бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жардам берүү керек. Экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келе турган катуу чектөө чараларын кайрадан киргизүү — бул ишканаларга жана жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизет», — деди Боронов

Количество просмотров: 755