• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өкмөт башчы коронавирус жок деген кептерге ишенбөөгө чакырды

11 Бугу 2020 9:27 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу бар экенин билдирди. Абылгазиев жарандарды социалдык тармактарда тарап жаткан ар кандай кептерге ишенбөөгө чакырды.

“Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен кыргызстандыктарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам! Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медициналык кызматкерден айрылдык”, — деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды себепсиз үйдөн чыкпоого, беткап кийүүгө жана башка санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталып, 10-майда аны жугузгандардын саны 1000 кишиден ашты. Алардын 675и сакайып, 12си көз жумду.

Бийлик 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, 25-мартта айрым аймактарда өзгөчө абал режими киргизилген. Баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып өзгөчө абал режими алынды. Бирок өлкөнүн бир катар жеринде карантиндик чектөөлөр сакталмакчы.

Количество просмотров: 75