Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев журналисттик иликтөөдө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар кимге тиешелүү экенин сурады. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган акчалар бюджеттен уурдалган каражат эмес экендигин айтты.
«Бул бюджеттен уурдалган каражат эмес. Биздин оюбуз боюнча бизнестин акчасы. Анын кандай жол менен табылганын тастыктайбыз. Иликтеп жаткан органдар, депутаттык комиссия иштин жыйынтыгын чыгарсын. Кимдики легалдуу, кимдики контрабанда экенин такташыбыз керек», — деди Абылгазиев.
Мындан сырткары өкмөт башчы Кыргызстандан 2019-жылдын алты айында 48,3 миллиард доллар, ал эми бир жыл ичинде чет өлкөлөргө банк аркылуу 90,5 миллиард доллар которулганын кошумчалады.