• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өкмөт башчы Ошко барды

4 Чын куран 202012:06 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өздүк коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учак менен Ош облусуна иш сапары менен барды.

Жумуш сапарынын алкагында Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырып, жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Количество просмотров: 215