• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өкмөт башчы партия өкүлдөрүнө кайрылды

23 Аяк оона 202016:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.

Анын айтымында, үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган жок. Бул жоопкерсиздик катары каралат.

«Андыктан, өздүк кызыкчылыктарды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам”, — деп билдирди Боронов.

Количество просмотров: 75