Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин саммитине катышуу үчүн Орусияга сапар алды. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алардын айтымында, премьер-министр Санкт-Петербург шаарында боло турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги саммитине катышат. Анда ЕАЭБдин келечеги, кызматташтыктын күнгөй-тесскейи, мамилелерди жакшыртуунун жолдору боюнча маселелер талкууга алынмакчы. Негизинен өлкөлөр аралык санариптик өнүгүү, энергетика жана транспорт, товарларды транзиттик ташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөөрү күтүлүп жатат. Мындан тышкары, өкмөт башчылар интеграциялык биримдиктин укуктук-норматикдик базасы боюнча да жаңы макулдашууларга жетишээри айтылууда.
Үч күнгө созулган бул саммиттин алкагында өкмөт башчылар өз ара жолугушууларды да өткөрүшү мүмкүн.