• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөт башчылыкка талапкер президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылынат

14 Үчтүн айы 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылык кызматка талапкерди талкуулай элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

«Башка талапкерлер талкуулана элек. Коалиция премьер-министрди Садыр Жапаровдун инаугурациясынан кийин шайлайт», — деп билдиришти парламенттен.

Буга чейин саясатчы Өмүрбек Текебаев Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетпесе мыйзам бузгандык болуп кала турганын айтып чыккан.

“Садыр Жапаров инаугурациядан кийин президенттик кызматка киришет. Анын ыйгарым укугу бүгүнкү конституцияга ылайык болуусу керек. Садыр Жапаров бүгүнкү конституцияны кармап, ушул конституцияны сактайм деп ант берет. Бүгүнкү конституцияда президенттик кызмат менен башка кызмат ошонун ичинде өкмөт башчылык келишкис, сыйышпайт деген принцип бар. Бир убакта 1 мүнөтпү, 1 секундбу ал экөөнү ээлебеш керек. Анткени ал конституцияны кармап ант берип жатканда баары бузулуп жатканы көрүнүп турат да. Менин жеке оюмча ал инаугурацияга чейин кызматынан кетүү керек, өкмөт мыйзамга ылайык көпчүлук коалиция тарабынан түзүлөт. Президент өзүнүн мыйзамга ылайык, өз ишин кылуусу керек. Ал эми Жапаров өзүнүн берген маектеринде анын кыялындагы мыйзамы кабыл алынып калгансып, өкмөт башчыны ким болоорун тандай элекмин деген пикирлерин айтып жатат”, – деп билдирген ал.

Учурда Кыргызстанда премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Ал президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаровдун ордуна иштеп жатат.

Количество просмотров: 54