• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Өкмөт депутат Акаевдин айткандарына жооп берди

20 Бугу 202015:39 Бишкек Govori.TV

Депутат Жанар Акаевдин Премьер-министр М.Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жазылды.

«Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Зарыл болгон учурда Премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр.

Количество просмотров: 324