Бүгүн, 27-майда Өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат.
Алар жеке тарапка өтүп кеткен жерлерди, пансионаттарды мамлекетке кайтарууну талап кылышууда.
Нааразы болгондор «Коррупцияга жол жок!», «Менчикке өтүп кеткен жерлер мамлекетке кайтарылсын!» деген жазууларды кармап турушат жана президент Садыр Жапаровго кайрылган ураандарды айтып, чыгышын талап кылышты.