• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өкмөт каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди

27 Бештин айы 201917:08 Бишкек Govori.TV

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган.

Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды.

Количество просмотров: 439