• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү

27 Бештин айы 2018 12:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү.

Жыйындын жүрүшүндө суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган эки инвестициялык долбоор, ошондой эле «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы Камбарата ГЭС-2 иштетүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын Планын каржылоо долбоору каралды.

Тиешелүү багыттар боюнча маалыматтар тууралуу өлкөнүн тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери билдиришти.

Талкуулардын жүрүшүндө Өкмөт башчы насыяларды кайтаруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

«Мындан ары бизде милдеттүү түрдө дал ушундай механизм болушу керек. Мындай мамиле болбоого тийиш. Биз бул бизден кийин келүүчүлөрдүн көйгөйү деп ойлобушуз зарыл. Бул туура эмес – анткени келечекте биздин балдарыбыз келет, эгерде биз күчтүү экономика, кубаттуу өлкө калтырбасак, анда алар бул жүктү кантип көтөрүшөт? Мисалы, учурда, биздин салык төлөөчүлөр дээрлик качандыр бир алган насыяларын төгүп жатышат. Ошондуктан биз насыялар боюнча акча каражаттарын кайтаруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу маселесин өзгөчө дыкат карап чыгууга тийишпиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен жактыруу чечимин кабыл алышты.

Количество просмотров: 2