Өкмөт: Сауд Арабиядан акча келсе эле мектептерди куруу иши башталат
Өкмөт: Сауд Арабиядан акча келсе эле мектептерди куруу иши башталат
14 Жетинин айы 2018 11:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин жыйынындагы Өкмөттүк саатта Сауд Арабия Кыргызстанга 27 мектепти курууга 30 млн доллар каражат бөлөөрүн, бул боюнча керектүү документтердин баары даяр болгону айтылды. Өкмөт акчанын которулушун гана күтүп жатат.
Сауд Арабиянын мектеп курулуштарын каржылашы боюнча макулдашуулар буга чейин ратификациядан өткөнү жарыялаган. Бүгүнкү жыйында депутат Жанар Акаев бул долбоор кайсы стадияда турганына кызыкты.
Өкмөттөн билдиришкендей, Сауд Арабиянын акчасына өлкө аймагындагы 27 мектептин курулушу киргизилди. Анын 24ү учурда авариялык абалда турган окуу жайлар. Тизмеде ар бир облустан үчтөн мектеп бар
Долбоор боюнча бүт кагаздар чогултулуп, инвесторлор жер-жерлерде объектилерди көрүп чыккан. Эми өкмөт Сауд Арабиядан каржы келсе эле тендер жарыялап, курулуш иштери башталат.
Медиктерге кошумча төлөм бериш үчүн 95 млн. сом бөлүндү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүү …