• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт Текебаевдин сынын шайлоо өнөктүгү жакындап калганы менен байланыштырууда

25 Бирдин айы 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Өкмөт “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сынын шайлоо өнөктүгү жакындап калганы менен байланыштырууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратып, “премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өмүрбек Текебаевдин өлкөдөгү кырдаал жөнүндөгү эмоционалдуу кебине жооп берүү зарыл эмес деп эсептей турганын” белгиледи.

“Айрым саясатчылардын эс-тутуму өтө кыска болот. Мисалы, Кызыл-Омполдогу уран кенине байланыштуу Текебаев учурдагы өкмөттүн иши ордунан чыкпай калганы катары көрсөтүүдө. Чындыгында уранды чалгындоого лицензияны 2013-жылы өкмөт берген. Ошол өкмөттү ал кезде Текебаев алдыңкы ролду ойноп турган башкаруучу коалиция түзгөнүн унутуп калдыбы? Ал эмне үчүн ошол учурда унчуккан жок? Анын кесиптештери жарандардын талкуусуна чыгарбастан, түкүрүк үчүн айып каралган чийки, чала иштелген Бузуулар жөнүндөгү кодексти кабыл алганда эмне үчүн анын үнүн уккан жокпуз? Өкмөткө мураска калган, акырындык менен мина болуп жарыла турган, өлкө үчүн кооптуу болгон мындай тизмени дагы атай берсе көп” деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Текебаев 22-февралда партиянын Бишкекте өткөн жыйынында сүйлөп жатып өкмөттү сындаган. Экономика, инвестиция тартуу, өнөр-жай сыяктуу бардык тармак туңгуюкка кептелгенин белгилеп, мунун баарына өкмөттү күнөөлөгөн.

«Абал чатак. Экономиканын өсүшү басаңдады. Түз инвестиция өлкөгө келбей калды. Бул өкмөттү Рыскелди Момбековдун тили менен айтканда “бечел, шалтурук өкмөт” десек да болот. Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Өкмөт келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керек. Өкмөттүн кадыр-баркы жок, жалтак болсо эл ызылдап чыкканда артка кетенчиктейт. Мындай учурда ири долбоорлор ишке ашпайт. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул — коркунучтун жеткен чеги.

Текебаев 2017-жылы “коррупция” беренеси менен сегиз жылга эркинен ажыратылып, 2019-жылы бул өкүм жокко чыгарылган. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Быйыл апрелде Кыргызстанда айрым жергиликтүүкеңештерге, ал эми күзүндө парламентке шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 207