• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Өкмөт улам жыйын өткөрөт, жыйынтык жок». Депутат ыш маселесин көтөрдү

14 Бештин айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Ыш элдин ден соолуугун талкалап жатат. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, абанын булганышы боюнча өкмөт улам жыйын өткөрөт, жыйынтык жок

«Тиешелүү министрликтерди чакырып, маалымат угалы. Баарыбыздын үй-бүлөбүз бар, элибиздин ден соолуугун талкалап жатат. От казандарга фильтр коюп берүү маселесин карайлы. Балким айрым чиновниктер саботаж кылып, атайын зыяндуу нерсени жагып, абанын булганышын каалап жатат. Атайын ушул үчүн иштеп жатышкандыр, бүгүн сессия күнү бираз тазаланды, булар ким менен «мышык-чычкан» ойноп жатат? бир күн таза нерсени жагып, кийинки күнү кайра булгап? » , — деди депутат.

Количество просмотров: 81