• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Өкмөт ыш маселесин кантип чечет?

25 Чын куран 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелде Бишкекте «Ыш менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору» аталышындагы тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун, өлкөдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк элчиликтер дин, эл аралык уюмдардын ошондой эле илимий жана изилдөө борборунун өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын алкагында борбор калаада жана Чүй облусунда абанын булганышына байланыштуу кырдаалды жакшыртуу боюнча практикалык кадамдар, экологиялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган комплекстүү чараларды пландаштыруунун кийинки этабын ишке ашыруу жана жаңы өнөктөштөрдү, каржылоо булактарын издөө маселелери талкууланып жатат.

«Бишкек дагы 1 млн калкы бар борборго айланып, унаалардын көбөйүшү менен шаардын бир башына жетүү кыйын болуп баратат. Борбор калааны ыш каптоосуна себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Мындан тышкары, ыш каптоого Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана отказандарда көмүрдүн колдонулушу, эски унаалардын көптүгү, таштанды таштоочу жайда таштандылардын өрттөлүшү», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров ыш маселесин чечүү үчүн Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык чыпкасын техникалык аудиттен өткөрүү, калктуу конуштарды газдаштыруунун каржылык үлгүсүн иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, акыркы убакта жылытуу маалында Бишкек абасы кир аймактардын катарынан туруктуу орун алып калды. Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине кирген. Буга чейин ПРООН Финляндиянын метеорологиялык институтуна таянып Бишкектеги абанын кирдешине курамында күкүртү көп көмүрдүн колдонулушу себеп экенин кабарлаган.

Количество просмотров: 49