• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Өкмөт «Жетим-Тоо» кени мамлекетке таандык экенин айтты

17 Бештин айы 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

Өкмөт «Жетим-Тоо» кени боюнча айрым саясатчылардын билдирүүсүнө карата жооп берди.

Анда айрым саясатчылар Нарын облусунда жайгашкан «Жетим-Тоо» кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын, бул коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөрүн билдирүүдө.

«Жетим-Тоо кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, «Жетим-Тоо» кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашуун киреше түшөт. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот.

Бул долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2% Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 78