• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган». Сегизбаевдин адвокаты видео тууралуу билдирүү таратты

18 Баш оона 2022 9:48 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеого байланыштуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирүү таратты.

«Социалдык түйүндөрдө А.К.Сегизбаевдин сөзүн чагылдырган Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу видеотасма тарап жатат.

Эскерте кетсек, бул видеотасма эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо компаниясы учурунда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жарыяланган, видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген.

А.К.Сегизбаев видеонун таркатылышына эч кандай тиешеси жок жана биз блоггерлерди, журналисттерди жана ЖМКларды автордун макулдугусуз текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды жарыялабоого чакырабыз, анткени мындай маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат», — деп билдирет жактоочу.

Ички иштер министрлиги Сегизбаев бул видеого байланыштуу 14-августта сурак берип чыкканын билдирген. Ал видеоматериалды Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынан жайгаштырган Ырыс Жекшеналиев 16-августта эки айга камалды.

Президент 14-августта бул кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Количество просмотров: 95