• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Өкмөт жол эрежесин бузуудагы айыппулдарды төмөндөтүүгө макулдук берди

19 Теке 201912:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган жыйында жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүү маселеси каралды. Комиссия мүчөлөрү 1-категорияга (1000 сом) чейинки бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айып пулдардын өлчөмүн азайтуу сунушуна макул болушту. Ал эми мас абалында машина айдагандардын айыппулу ошол бойдон, 17,5 миң сом өлчөмүндө кала турганы айтылды. Себеби айыппулдун бул түрү киргенден бери мас абалында жол кырсыктарына учурагандардын саны жарым жылда үч эсеге кыскарган.

Андан тышкары, жыйында республиканын автоунаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу зарылдыгы да талкууланды.

Количество просмотров: 12