Жогорку Кеңештин кароосуна, зомбулукту болтурбоо чарасынын жаңы түрү – зордук-зомбулук жасаган адамдарга тагынуучу электрондук билериктерди караган мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, электрондук билериктердин жардамы менен алардын жайгашкан жерин жана зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиусун байкоого болот.
«Коом өзгөрүүдө. Зомбулукту үй-бүлө ичинен тышка чыгарышчу эмес, азыр бул кылмыш катары кабыл алынып калды»,-деди Байсалов.
ИИМдин маалыматында, 2023-жылдын 8 айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 502 арыз түшкөн.