• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Мен депутатмын, сен унчукпай отур деген этика жок». Байсалов сындарга жооп берди

6 Бештин айы 2023 15:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн брифинг учурунда Жогорку Кеңеште анын дарегине айтылган сын-пикирлерге жооп берди.

“Мен депутаттмын, сен унчукпай отур деген этика жок. «Сен билбейсиң» деп кагып силккен дагы болбойт. Мен аларга бул маселени көтөрүүгө тыюу сала албайм. Бирок өкмөт ишин улантат. Менин жумушум көп”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынындагы жоругуна баа берүүнү талап кылды.

Теги:
Количество просмотров: 97