• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ӨКМ өткөргөн тендерге нааразы болгондор митингге чыкты

23 Жалган куран 2021 15:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын алдында тынчтык митинги өттү. нааразычылык акцияга катышуучулар «Тендерлер таза өтсүн!» деген талап менен чыгышкан. Алар колдоруна «Акыйкат тендер», «Stop Коррупция» деген жазууларды кармап турушту.


Өзүн ОсОО «Грин Таун» ишканасынын жетекчисимин деп тааныштырган жаран төмөндөгүлөрдү билдирди.

» Биз Кыргызстанга 3 жылдан бери габион торчо чыгарган шаймандарды алып келүү менен иш алып барабыз. Мына ушул 3 жыл аралыгында тендерди утуп алабыз. Бирок, кандайдыр себептер менен ишке ашыра албай келебиз. Ар кандай шылтоо менен бизди катыштырбай жатышат. Бүгүн саат 12:30да ӨКМде тендер өтмөк, буга байланыштуу өз нааразычылыктарыбызды айтканы келдик. Буга чейин Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке бул маселе боюнча кайрылганбыз. Натыйжа чыккан жок»,-деди ал.

Количество просмотров: 150