• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөткө «өзүмдүк» кишилер келе баштадыбы?

5 Бештин айы 2018 17:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Акыркы кезде өлкөдө бир катар аткаминерлер алмашып, оордуна жаңылары дайындалууда. Калк арасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы түрдүү багыттагы министрлер, жетекчилер, элчилер алынып, ордуна өздөрүнүн кишилерин алып келип атат деген пикир айтыла баштады.
Алсак, жакында эле “Мегаком” соода маркасы катары белгилүү “Альфа-Телеком” акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп депутат Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев дайындалып, бирок бир жума өтпөй коомчулуктун катуу талкуусуна түшкөндөн улам кызматын кайра тапшырууга аргасыз болгон. Алиярбек Абжалиев – президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү белгилүү.
Ушундай эле көрүнүш «Манас» эларалык аэропортунун башкармалык төрагасы Эмир Чукуев кызматынан кеткенден кийин кайталанды. Төрагалык милдетин аткаруучусу болуп, «Манас» аэропортунун Бишкек филиалынын башчысы болуп иштеп келген Мирлан Бегалиев дайындалды. Бирок, ага чейин бул кызматты 24.kg агенттигинин маалыматына ылайык, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Эмилбек Бусурманкуловдун агасы Абдималик Бусурманкулов жетектемек болуп, анын аты дагы чуу жаратып, бир сутканын ичинде башка жетекчинин ысымы аталган.
Анткен менен төрагалык милдетти убактылуу  аткаруу милдетин аркалоого дайындалган Мирлан Бегалиев белгилүү крим-авторитет Камчы Көлбаевдин кудасы экени айтылууда.
Мындай маалыматтардан кийин коомдо учурдагы бийлик бутактарына өздөрүнүн кишисин коюу ыкмасы жүрүп, билинип калган учурда алмаштыра салып жатат деген көз караш пайда болду. Мындан улам ушул маселенин алкагында Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттарына суроо салып көрдүк. Алардын айтуусу боюнча учурдагы жаңы жетекчилер калыс дайындалып жатат.
Учурдагы өкмөт ишке киришип жатканда шашылыш түрдө мурдагы курам киргизилип калгандыгына байланыштуу, жаңырган жылы жаңы структураны алып келе турганы белгилүү болду. Негизи  өкмөт бул структураны   үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле сунушташы керек эле.

Количество просмотров: 27