• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытай лагеринен кыргыздарды чыгара баштады

19 Үчтүн айы 2019 10:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.01.2019. Govori.TV

Кытайдын «кайра тарбиялоо» лагерлеринде кармалган этникалык кыргыздардын айрымдары чыгышты. Мындай маалыматты Кытайда жакындары камалган кыргызстандыктар билдиришти.

Кыргызстанда Жогорку окуу жайында окуган Малик уулу Жусуп 72 жаштагы атасы менен бирге айылындагы жүзгө чукул жаран чыгып келишкенин «Маралга» кабарлады. Бирок байкеси менен жеңеси чыккан эмес. Анын айтымында жакындарынын абалынан кабар алууну суранып, кыргыз өкмөтүнө кайрылган студент балдардын экөөсүнүн жакындары да кутулуп чыгышкан.

«Атамдын чыкканы тууралуу туугандарым сүйүнчүлөштү. Бирок өзүм сүйлөшө алган жокмун. Аны азырынча үй камагына чыгарышыптыр. Мага кабар айткан туугандарымдын телефондору да өчүп калды. Угушума караганда баарына чет өлкө менен байланышууга тыюу салыныптыр«,-деди Жусуп Малик уулу.

Ал атасынын ден соолугу тууралуу сураса, ооруп жатканын айтышкан.

Эске салсак, Кытай бийлиги терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жүйөсү менен Шинжаң автоном облусундагы уйгурлар менен бирге этникалык кыргыздар менен казактарды да «кайра тарбиялоо лагерлерине» киргизишкен. Эл аралык коомчулук менен бирге кыргызстандыктар да аларды бошотуу талабы менен бир нече жолу акцияларды уюштурушту. Буга байланыштуу жылдын башында он эки мамлекеттин дипломаттарынан турган топ Кытайга барып, аталган лагерлер менен таанышып келгенин кабарлашкан.

Айрым маалыматтарга караганда камалгандардын саны 50 минге жетет.

Количество просмотров: 26