• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

КСДП депутаттары Атамбаевге барып келгенден кийин, УКМКга чакырылды

26 Аяк оона 2018 11:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Бир нече депутаттар экс-президентти партиянын юбилейи менен куттукташты.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутатын, Атамбаевди партиянын юбилейи менен куттуктап келгенден кийин УКМК чакырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Карамушкина билдирди.
“Бүгүн биз Асель Кодуранова экөөбүз «Форум» имаратына Алмазбек Шаршеновичке жоолукканы келдик, — дейт ал. — Ал абдан кубанып, аял партиялаштарым ишеничтүү экен деди. Биз атайын эч кимден коркпошубузду көрсөтүп бардык, ал эми партиянын ички ыйкы-тыйкысы өтүп кетүүчү нерсе. Мындай юбилейде биз лидерибизди колдоп коюшубуз керек”,-дейт Карамушкина.
Ирина Юрьевна, Атамбаевдин маанайы жакшы экендигин белгилей кетти.
“Атамбаев биздин аны барып куттуктаганыбызга жетине албай сүйүнүп кетти. Бирок,  бизди кейиткен нерсе ал жерде бизди укук коргоо органдарынын кызматкерлери саксактап жүрүштү. Биз ал жактан келгендиен кийин,  бирөөбүздү УКМК чакырып кеткенде мен аябай жаман акыбалда болдум. УКМКдагылар «Форумга» эмнеге бардыңар, ал жерде эмне кылдыңар, эмне максатыңар бар- деген суроолор менен мазасын алышкан. Бардык жагдай аныкталганча анын аты-жөнүн азырынча айтпай коё турайын. Бирок, менин коркконум, эгер бул чын болсо биздин ишибиз чатак”,-дейт өл өкүлү.
Количество просмотров: 22