• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

19 Кулжа 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алды. Ага 89 депутат «макул», 9 эл өкүлү «каршы» деген добуш берди.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоордун демилгечилери депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова.

Ошол эле учурда өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Количество просмотров: 74