Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды.
Жаңыдан дайындалган өкүл эмгек жамаатына 17-августта тааныштырылып, ага вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, район акимдери жана облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Байыш Юсупов 2013-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин Кара-Суу районунун акими, Жогорку Кеңештин депутаты жана пахта тармагындагы ишканаларда да эмгектенген.
63 жаштагы Байыш Юсупов кесиби боюнча жеңил өнөр жай тармагынын инженер-технологу.
Өкмөттүн облустагы мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаев 7-августта парламенттик шайлоого катышуу максатында өз каалоосу менен кызматын тапшырган.