Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-июндагы кезексиз жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Алар мыйзамдарды ыйык сактоого, ак ниет жана акыйкат өлкө үчүн талыкпай кызмат кылууга убада беришти. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү.
Ал эми вице-премьер Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алганынан улам иш-чарага катыша алган жок.
Эске салсак, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өздөрү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырган. Анда өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапкан.