• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөттү жамандаган интернет колдонуучу кармалды

27 Жетинин айы 2019 11:20 Бишкек Govori.TV

Аймактар аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучу кармалды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын 24-ноябрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

«Такталгандай “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаралып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан», — деп кабарлашты УКМКдан.

2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3581