• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ӨКМ: Унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

18 Үчтүн айы 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

20-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 84