Бишкек. 07.03.2018.Govori.TV.
Айлык акыны көтөрүү талабын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери да коюшту.
Маалыматка ылайык, облустун бардык аймактарынан өкүлдөр министрликке келип, нааразылыгын билдиришти.
5-мартта эмгек акыны көтөрүү талабын Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери коюп, иш түйшүктүү экенине карабай, маяна аздыгына, зыяндуулук жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болушкан.Акцияга катышкандардын бири айлык акылары себепсиз кыскартылып жатканын айтты. Кээ бирлери пенсияга байланыштуу кыйынчылыктарды айтышкан.
Бир нече ондогон кызматкерлер маянаны көтөрүүнү жана шарттарды жакшыртууну талап кылышууда.
Министрликтен алынган маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша 8 миң сомдон жогору маяна алышат.