Кыргызстандын ардагерлер курамасы менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешүүдө.
Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттештин өзү 20:00дө башталды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да бар.
Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.