• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен алынып келинген унаа кармалды

28 Бугу 2022 13:36 Бишкек Govori.TV

Коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен алынып келинген унаа кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КР аймагында аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүнүн туруктуу каналы токтотулду.

2022-жылдын 18-мартында КР УКМК тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургунунун башкаруусунда чек арадан алып өтүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтери жок “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Сурак учурунда унаанын ээси А.Д. бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин («Экономикалык контрабанда») негизинде кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргызстандын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алынып келинген, алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 165