Көл-Төр, Коңур-Өлөң айылдарынын ортосунан агып өтүүчү Коңур-Өлөң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, суу тосмонун болжолдуу 200 метр аралыгын жеп, суунун нугу айыл чарба багытындагы айдоо жерлерди, ички унаа жолдорун, №33 жол тейлөө мекемесине жана айыл аймакка тиешелүү кашарларга баруучу жолдорду каптагандыгы аныкталган.
«23-августта жерине жергиликтүү бийлик өкүлү жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, №33 жол тейлөө мекемесинен 1 жүктөгүч, Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 1 жүктөгүч иш алып барууда. Суу жээгин бекемдөө иштери жүрүп, 1 чакырым суу жээги топурак, кум-шагыл, таш менен бекемделүүдө. Суунун нугун буруп, жээктерди суу жеп кетүүнүн алдын алып 150-200 метр аралыгын бетон тосмолору коюлуп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда бекемдөө иштеринде Көл-Төр айылына караштуу 1 хово, 1 даана погрузчик суунун нугун эки бөлүккө бөлүп буруу жана бекемдөө иштерин жасалууда.