• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кочкордо автобекет жана жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

1 Жалган куран 2024 11:00 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунда 51 млн 264 миң сомго бааланган автобекет жер тилкеси менен жана Ормон-Хан айыл аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 3 млн 200 миң сомдук 0,72 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Транспорт министрлиги тарабынан Кочкор айылындагы автобекетти «Н.О.» ЖЧКга жана Кочкор айыл өкмөтү менен Кочкор райондук архитектурасынын кызмат адамдары Кочкор айылындагы бузулуп кеткен эски көмүр сактоочу базанын жалпы аянты 0,72 га болгон жер тилкесин 6 жаранга жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз түрдө берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган автобекет менен жер тилкесин жана 0,72 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, соттун бардык инстанциялары менен толук канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде автобекет жана жер тилкелер мамлекеттик менчикке кабыл алынды.

Количество просмотров: 291