• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кочкордо баласын сатып ийди делген аял соттолду

2 Жалган куран 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунда 2019-жылы жаңы төрөлгөн ымыркай баласын башка бирөөгө өткөрүп берген эне соттолду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, баланын энеси менен бирге ага жардамдашкан төрт адам тең сот жоопкерчилигине тартылды.

Райондо 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жалпы 62 арыз катталып, анын 33ү тастыкталган. Жыл ичинде ички иштер бөлүмү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркыгандарга жана зомбулук көрсөткөн адамдарга 87 коргоо ордерлери берилди.

2020-жылдын 1-январь Ж.С. үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Прокуратуранын маалыматында, көз жумган аялдын балдары учурда таятасы жана таенесинин камкордугунда тарбияланууда.

Количество просмотров: 70