• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кочкордо мурдагы айыл башчы кармалды

2 Чын куран 202610:37 Бишкек Govori.TV

Кочкордо коррупцияга шектелген мурдагы айыл башчы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы аталган айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдардын талаптарын бузган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 31-мартында шектүү А.Б.К. кармалды. Ал Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 299