• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кочкордо Сапар Исаковду колдогон митинг өтүп жатат

29 Теке 2019 16:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Мурдагы премьер-министр  Сапар Исаковдун туулган күнүнүн урматына Кочкордо аны колдогон митинг өтүүдө. Нааразычылык акциясына 300гө жакын киши чогулуп, алар Сапар Исаковдун эркиндикке чыгышын талап кылышууда.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Количество просмотров: 39