• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кочкордо жол кырсыгынан жубайлар каза болду

21 Бештин айы 20189:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV

Кочкор районунда болгон жол кырсыгында каза болгондор жубайлар экендиги  белгилүү болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 19-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 205-чакырымында Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа КамАЗ менен сүзүшүп эки киши каза болуп, бир адам жаракат алган.


«Жол кырсыгынан улам Ак-Талаа районунун Баетов шаарынын тургундары 1949-жылы төрөлгөн А.К. жана 1952-жылы төрөлгөн О.Ж. аттуу жубайлар каза болгон.


Ошондой эле кырсыктан 1970-жылы төрөлгөн А.К. аттуу аял оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген», — деп билдиришти мекемеден.


Жол кырсыгы 19-декабрь күнү саат 19:42 чамасында Кочкор айылынын тушунда катталган.

Количество просмотров: 132