• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кодуранованы вице-спикерликтен “байкеси” оодарып түштү

20 Бештин айы 2018 18:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Асель Кодуранова өзүн вице-спикерликтен чакыртып алуу маселесине добуш берүү алдында сөз сүйлөп, үч жагдайга токтолуп, “КСДП” фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго катуу сөзүн айтып, эми аны байке дебей турганын жарыялады.


Иса Өмүркулов Асель Кодуранованын бул сөзүнө жооп берип, аны төрага орун басарлыгынан чакыртып алуу жалпы жамааттын чечими болгонун айтып, “баштаган өзүңөрсүңөр” деп өткөндү эске салды.


“Бир Бол” фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков ыркы кеткен эл өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу менен бирге, Асел Кодурановага “атадан калган кызмат жок” экенин эске салып каалаа тилегин айтты.


Депутат Жанар Акаевдин пикиринде бул маселени талкуулоодон Жогорку Кеңеш уят болбойт. Болгону мындай иш-аракеттерди жасоо менен келечек муунга терс түшүнүктү калыптандырып коюудан кооптонуп турганын айтты.


Жыйындын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев сөз сүйлөп, “КСДП” партиясын ынтымакка чакырды.


Жогорку Кеңештин уруш-талаш менен коштолгон жыйынынын соңунда 96 депутаттын макул деген добушу менен, Асель Кодуранова кызматтан кетти.

Количество просмотров: 32