• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“КСДП” талашка түштү

27 Бирдин айы 2019 17:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.02.2019. Govori.TV

 “КСДП” партиясынын мүчөлөрү “КСДП Атамбаевсыз” аттуу кезектеги съездин өткөрдүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевди партиянын мүчөлөрүн экиге бөлүп койду деп сындады.

Жакында эле экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, анда бул кыймылдын артында Асылбек Жээнбеков турат деген маалымат айтылган.

Бүгүн, “КСДП Атамбаевсыз” кыймылы,  бул маалыматты түптамыры менен төгүндөдү.

Буга чейин аталган партиянын Атамбаев тарабындагы мүчөлөрү мындай съезддерди өткөргөндүгү үчүн аларды партиянын мүчөлөрү эмес, саткындары деп атаган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев партияда саткындардан тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирген.  

Атамбаевдин тарапташтары жаңы курам топтоп, ишке киришип жаткан кезинде КСДП эси барда этегин жыйып, элди экиге бөлбөй бул кыймылды колдоосу керектиги айтылды.

Количество просмотров: 30