• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кой-Таш боюнча соттук отурумга Атамбаев алынып келинди

23 Жалган куран 2020 12:33 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды. Жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү да катышып жатканын анын тарапкерлери билдирди.

Ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Количество просмотров: 114