• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кой-Таш иши: Курсан Асанов көтөргөн баштыкта мончого керектүү буюмдар болгонбу?

12 Чын куран 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 12-апрелде ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды. Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Мындан сырткары ага «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген берене менен, «Кой-Таш окуясына байланыштуу кылмыш иши дагы козголгон.

Курсан Асановду жактоочусунун айтымында, анын Кой-Таш окуясы боюнча иште жаңы жагдайлар айтылды.

«Курсан Асановдун Кой-Таш иши боюнча башкы күбө көрсөтмө берди. Ал Асанов Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан баштыкта мончого керектүү каражаттар болушу мүмкүн экенин айтты. Ал эми буга чейинки пакетте акча болушу мүмкүн деген көрсөтмөнү тергөөчүнүн басымынан кийин жазганын айтты», — деди жактоочу.

2019-жылы Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан соң социалдык тармакта Курсан Асанов Атамбаевден акча, зер буюмдар жана маанилүү документтер салынган пакет алып жатат делген видео тараган.

Өз кезегинде Асанов бул боюнча жооп берип, эч кандай акча албаганын билдирген.

Эске салсак, Курсан Асанов былтыр Бишкекте октябрь окуяларындагы калайман башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.


Количество просмотров: 6474