• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча онлайн сот 10-августка жылды

5 Баш оона 2020 17:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча онлайн сот отуруму өтүп,  мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айыптоо актысын жарыялоо улантылды. 

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сотко И.Карамушкинанын жактоочусу А.Типеровдун келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 2020-жылдын 10-август күнүнө саат 10:00гө жылдырылды.

Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Количество просмотров: 99