• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылды

1 Теке 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотунда 1-июлга белгиленген отурум жактоочулардын келбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кой-Таш окуясы боюнча процесс жактоочулар З. Жоошев, Н. Токтакунов, У. Индикеев, У. Сейитбеков, Ж. Жунусов, А. Орозакунова, Ж. Бараков, Б. Шамбетов, Р. Шакировдордун келбегендигине байланыштуу жылдырылган. Кийинки соттук териштирүү 3-июль күнү саат 10:00гө  белгиленди.

Эске салсак,  2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.

Количество просмотров: 44